22.04.2019 18:26

«Тазалыктын» мурунку кызматкери өлгөн иттерди жиликтеп таратат. Кошунасы арыз жазды (видео)

«Тазалыктын» мурунку кызматкери өлгөн иттерди жиликтеп таратат. Кошунасы арыз жазды (видео)

Ушул жылдын март айында «Апрель» телеканалынын эфиринде Чыңгыз Турдалиевдин: «Бишкек кафелери иттин этин кайдан алат?» аталышындагы атайын репортажы чыккан. Анда корреспондент ит этин колдонууга уруксат берүү канчалык мыйзамдуу экенин, кафелерге алар кайдан келерин жана Бишкек мэриясы ит атууга жалдаган адамдардын буга тиешеси бары-жогун териштирген. 

Бул репортаж эфирге чыккандан кийин биз менен шаар тургуну байланышты. Ал «Тазалык» ишканасынын бир кызматкери өзүнүн короосунда иттерди союп, жиликтеп, баштыктарга бөлүштүрөөрүн билдирди.  

Анын айтымында, ал кызматкер Чүй облусунун Лебединовка айылында жер тамда жашайт.  Жумасына 2-3 жолу таң эрте иттердин өлүгүн алып келет. 5-10 сөөк жүктөлгөн кол арабаны короосуна киргизет.

 
ЭСКЕРТҮҮ: Сезимтал адамдарга видеону көрүүгө болбойт

Күбө эмне дейт?

«Үйүнүн жанындагы сарайда ал киши иттерди жууп, кан болгон сууну атайын казылган аңга төгөт. Байкуш иттердин жиликтенген денелерин пакеттерге бөлүштүрүп салат, анан аларды же өзү бир жактарга жеткирип берет, же кишилер келип алып кетишет. Бул жаман иш көптөн бери эле болуп жаткан окшойт.  Бул кайталанып турган көрүнүш», - деп билдирди күбө. Анын айтымында, киши «Тазалык» ишканасынын белгиси бар унаа айдап жүрөт.

Күбө арыз менен Аламүдүн районунун РИИБине жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна кайрылган. Кечээ жакында ишти териштирүүгө келген милиция кызматкери эркек кишинин итти жиликтеп жаткан жеринен үстүнөн чыккан.

Милиция эмне дейт? 

April.kg кабарчысына тилке милиционери бул кишинин үстүнөн чындап эле арыз түшкөнүн билдирди. Ага карата сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Ошондой эле, ал учурда «Тазалык» ишканасында иштебей турганы, пенсияда экени жана курал алып жүрүүгө жана жаныбарларды атууга уруксааты бар экени анык болду. Ал иттерди аңчылык куралы менен атып жүргөн.  

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору азырынча бул маалыматка комментарий бере элек. 

«Тазалыктын» маалымат кызматы мурунку кызматкерлердин иши үчүн жооп бербей тургандыктарын билдирди. Ал эми, киши Чүй облусунун Аламүдүн районунда жашагандыктан, атууга уруксаатты айыл өкмөтү берген болушу мүмкүн. «Биз бардык өлтүрүлгөн жандыктарды таштандыга алып кетебиз, же өрттөп жиберебиз», - дешти ишканадан. 

April.kg бул иштин акыры эмне менен бүтөөрүнө көз салып турат. 

 
ЭСКЕРТҮҮ: Сезимтал адамдарга сүрөттөрдү көрүүгө болбойт